Башкы беткеКоомЭмгек базарындагы көрүнбөгөн көйгөй

Эмгек базарындагы көрүнбөгөн көйгөй

Кыргызстанда менталдык ден соолук маселеси эмнеге курч бойдон калууда?

Акыркы жылдары Кыргызстанда эмгек рыногунда жаңы, бирок өтө маанилүү тема көтөрүлө баштады кызматкерлердин менталдык ден соолугу. Мурда көбүнчө көңүл сыртында калып келген эмоционалдык чарчоо, стресс, тынчсыздануу жана психологиялык басым бүгүнкү күндө жумуш берүүчүлөрдү да, кызматкерлерди да олуттуу ойлондура баштады. Бул туурасында буга чейин деле көйгөй болгону менен, ачык айтылбай келген.

Бош орундар боюнча агенттиктер жүргүзгөн соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда бул маселенин маанилүүлүгү таанылганы менен, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда толук ишеним али калыптана электиги айтылат.

Эмнеге тема актуалдуу?

Акыркы жылдардагы экономикалык өзгөрүүлөр, жумуштагы жогорку талаптар, атаандаштык жана маалыматтык басым адамдардын психологиялык абалына түздөн-түз таасир этип жатканын адистер белгилеп келишет. Айрыкча жаштар арасында эмоционалдык чарчоо жана тынчсыздануу көбөйгөнү байкалат.

Изилдөөгө ылайык, жумуш издөөчүлөрдүн 60 пайызы мезгил-мезгили менен стресс же эмоционалдык чарчоо менен күрөшөрүн билдирген. Ал эми 42 пайызы өзүнүн эмоционалдык абалын туруксуз деп баалаган.

Бул көрсөткүчтөр менталдык ден соолук эми жеке көйгөй эмес, эмгек рыногунун туруктуулугуна таасир эткен олуттуу социалдык факторго айланып бара жатканын көрсөтөт десек болот.

Иш берүүчүлөрдүн кооптонуусу

Акыркы мезгилдерде көпчүлүк компаниялар кызматкерлердин психологиялык абалына көңүл буруу керектигин түшүнүп жатышканын айтышат.  Сурамжылоодо иш берүүчүлөрдүн 55 пайызы менталдык өзгөчөлүктөрү бар адамдар тийиштүү колдоо көрсөтүлгөндө натыйжалуу иштей аларын белгилешкен. Дагы 30 пайызы бул пикирге толук кошулган. Жана өзгөчө чоң көлөмдөгү иш берүүчүлөр бул тармакта ар кандай анализдерди жүргүзүп, өз кызматкерлеринин менталдык ден соолугуна көңүл буруу зарылдыгынын артында натыйжалуу иш жүргүзүү менен алектенишүүдө.

Бирок теория менен практиканын ортосунда чоң айырма жоголо элек. Компаниялар дагы эле айрым тобокелдиктерден кооптонушат:

  • 57 пайызы кызматкердин эмоционалдык туруксуздугунан чочулайт;   
  • 46 пайызы команда ичиндеги коммуникация татаалдашат деп эсептейт;
  • 37 пайызы кошумча жүк жаралышы мүмкүн экенин белгилешкен.

Натыйжада, өлкөбүздө иш берүүчүлөрдүн болгону 13 пайызы гана мындай кызматкерлер менен иштөөнүн туруктуу жана системалуу механизмин түзө алышкан.

 

Көйгөйдүн бири-ишенимсиздик

Изилдөөнүн эң көңүл бурдурган жери бул кызматкерлердин өз абалы тууралуу ачык айтуудан коркушу же башкалар туура эмес ойлойт деген бүдөмүк ойлор. Жумуш издөөчүлөрдүн 35 пайызы иш берүүчүгө психологиялык көйгөйлөрү тууралуу айтуудан тартынышат. Алар басмырлоо, иштен четтетүү же терс көз караш жаралат деп кооптонушат.

Бул көрүнүш Кыргызстанда менталдык ден соолук маселеси дагы деле коомдук стереотиптер, салт-санаа, элдин пикири менен коштолуп жатканын көрсөтөт. Көпчүлүк үчүн психологго кайрылуу же эмоционалдык көйгөйдү ачык айтуу алсыздык катары кабылданат жана аны башкалар менен бөлүшүүдөн уялышат.

Чечим эмнеде?  

Адистердин пикиринде, Кыргызстанда менталдык ден соолук боюнча корпоративдик маданият жаңы гана калыптанып жатат. Компаниялар үчүн кызматкерлердин психологиялык абалын колдоо-жөн гана социалдык жоопкерчилик эмес, эмгек өндүрүмдүүлүгүн сактоонун дагы маанилүү жолу катары кароо керек.

Бул үчүн адистер сунуштаган керектүү жагдайлар

  • коопсуз жана ачык иш чөйрөсүн түзүү;
  • корпоративдик психологдорду киргизүү;
  • жетекчилер үчүн эмоционалдык интеллект боюнча окутууларды жылына 2-3 жолу өткөрүү;
  • кызматкерлердин чарчоосун алдын алуу системасын түзүү же ар кандай эс алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу зарыл.

Анткени бүгүнкү эмгек рыногунда профессионалдык жөндөм гана эмес, адамдын ички абалы дагы ийгиликтин негизги факторуна айланып баратат. Демек жумуш берүүчү, кызматкерлерин ар тараптуу өнүктүрүүгө жана колдоого алуу зарылдыгы жаралууда.

                                                                                                           Рахманбердиева Гүлмайрам, “Кыргыз Туусу”

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар