Башкы беткеМинистрлер кабинетиАкыркы беш жылда суу чарбасын өнүктүрүүгө 259 миллион доллар бөлүнгөн

Акыркы беш жылда суу чарбасын өнүктүрүүгө 259 миллион доллар бөлүнгөн

Эрлист Акунбеков Тажикстанда өткөн “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” 2018–2028-жылдардагы эл аралык иш-аракеттердин он жылдыгы боюнча 4-жогорку деңгээлдеги конференцияда мөңгүлөрдүн эриши Борбор Азия үчүн олуттуу көйгөйгө айланып жатканын билдирди.

Анын айтымында, мөңгүлөрдүн азайышы дарыялардагы суунун көлөмүнө түздөн-түз таасир этет. Ал эми суу ресурстарынын тартыштыгы аймактагы экологиялык жана социалдык-экономикалык кырдаалга коркунуч жаратышы мүмкүн. Министр Кыргызстанда мөңгүлөрдүн жалпы аянты кыйла кыскарып, жаан-чачын азайып жатканын белгиледи. Бул көрүнүш бүтүндөй Борбор Азиядагы суу коопсуздугуна таасир этүүдө.

Кыргызстан учурда суу ресурстарын туруктуу башкаруу үчүн 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясын иштеп чыкканын жана жаңы Суу кодексин кабыл алганын маалымдады. Эрлист Акунбеков Кыргызстан суу түзүүчү аймактарды сактоого чоң каражат жумшап жатканын айтып, акыркы бир жылда эле суу тармагына 80 миллион доллар, ал эми акыркы беш жылда 259 миллион доллар бөлүнгөнүн билдирди.

Ошол эле учурда Кыргызстан өзүнүн суу ресурстарынын болгону 30 пайызын гана пайдаланып, калган бөлүгү башка мамлекеттер тарабынан колдонуларын белгиледи. Ал суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу компенсациялык механизмдерди киргизүү мезгили келгенин айтып, бул маселе боюнча Садыр Жапаров Астанада өткөн экологиялык саммитте дагы көтөргөнүн эске салды.

Конференцияда ошондой эле Ысык-Көлдүн деңгээли төмөндөп жатканы белгиленип, акыркы он жыл ичинде көлгө куйган дарыялардын саны 100дөн 30га чейин кыскарганы айтылды.

Министр эл аралык өнөктөштөрдү Ысык-Көлдү сактоо боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгууга чакырды.

Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырып, мөңгүлөрдү коргоо дүйнөлүк деңгээлдеги негизги маселелердин бири болуп калганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар