Ысык-Көл облусунда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын өкүлү, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында өттү. Анда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, парламенттер аралык байланыштар жана эл аралык аянтчалардагы кызматташтык тууралуу сүйлөштү.
Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Шэнь Юэюэ Кыргызстан Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкө активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын жогору баалады. Ал ошондой эле Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинин маанисине токтолду.



