VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөрдүн цивилизациясы – мурас, парадигма жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага 40тан ашык өлкөдөн көчмөн цивилизациясын изилдеген 75 окумуштуу катышат. Конференция 2–5-сентябрь күндөрү кыргыз, орус жана англис тилдеринде өтөт. Ачылышына Нобель сыйлыгынын лауреаттары чакырылганы белгиленди. Иш-чараны президент Садыр Жапаров ачары күтүлүүдө.
Конференциянын экинчи күнүнөн тарта катышуучулар 8 секцияга бөлүнүп иш алып барып, жыйынтыгында резолюция кабыл алышат.
Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук бөлүгү боюнча Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев маалымат берди.
Анын айтымында, мелдештер 43 спорт түрү боюнча өтүп, 100 мамлекетке чакыруу жөнөтүлгөн. Жалпы катышуучулардын саны 2800–3000ге жетери күтүлүүдө. Кыргызстандан 395, чет өлкөлөрдөн 263 спортчу катышат. Оюндар өлкө боюнча 5 локацияда уюштурулат.
Мындан тышкары, “Көк-Бөрү” оюну боюнча эрежелерди тактоо иштери жүрүп жатканы айтылды. Улуттук кийимдерди “Байра” компаниясы, спорттук кийимдерди Joma компаниясы даярдайт.



