Садыр Жапаров 28-майда Астана шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык сессиясында сөз сүйлөп, жасалма интеллект мамлекеттик башкарууну жаңылоонун негизги куралына айланып жатканын билдирди.
Мамлекет башчысы форумдун “ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектке басым жасоо” аталышындагы темасы бүгүнкү күндө өлкөлөрдүн келечектеги өнүгүү багытын аныктап жатканын белгиледи.
Президенттин айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары санариптик мамлекеттик экосистеманы түзүү боюнча ири реформаларды жүргүздү. Санариптик кодекс кабыл алынып, “Түндүк” платформасы менен мамлекеттик G-Cloud инфраструктурасы өнүктүрүлүүдө.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө жарандар мамлекеттик кызматтардын көбүн уюлдук телефон аркылуу эле ала аларын айтып, бул мамлекеттин ачыктыгынын жаңы деңгээли экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы жасалма интеллект айдоочулук күбөлүк берүү, салык жана бажы тармактарында ийгиликтүү колдонулуп жатканын айтты. Анын ичинде “AI-Күзөт” платформасы алдамчылык операцияларды аныктап, салыктык тобокелдиктерди автоматтык түрдө талдап жатканы белгиленди.
Президент санариптик эгемендүүлүк маселесине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан улуттук жасалма интеллект чечимдерин өнүктүрүүгө басым жасап жатканын билдирди.
Ошондой эле ал ЕАЭБ өлкөлөрүн биргелешип дата-борборлорду жана эсептөө кубаттуулуктарын түзүүгө чакырып, мындай кызматташтык аймакты глобалдык санариптик күн тартибинин активдүү катышуучусуна айлантарын айтты.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров жасалма интеллект алып келген өзгөрүүлөрдү өнөр жай революциясына теңеп, өлкөлөрдүн келечеги бүгүн кабыл алынган чечимдерден көз каранды экенин баса белгиледи.
“Жасалма интеллект — дүйнөлүк тарыхтын жаңы локомотиви”, — деди Президент.



