Өлкө башчы Садыр Жапаров 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ата-энесинин камкордугусуз калган жана интернат тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулган социалдык турак жайдын шарттары менен таанышты.
Мамлекет башчысына Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондунун базасында толук мамлекеттик камкордукта болгон тоголок жетимдер үчүн атайын социалдык конок үйү уюштурулгандыгы тууралуу маалымат берилди.
Бул жайда учурда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 жаш өспүрүм жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү. Президент жаштар менен жолугушуп, алардын жашоо шарттары, билим алуусу жана келечекке болгон пландары тууралуу баарлашты.
Садыр Жапаров жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин социалдык саясатындагы маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, бүтүрүүчүлөр окуусун аяктап, жумушка орношконго чейин бул жерде жашай аларын айтты. Ошондой эле мындай социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулуп, түштүк аймагындагы жаштар үчүн шарт түзүлгөнү маалымдалды.
Мындан тышкары, аталган категориядагы жаштар келечекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, “Келечекке салым” мамлекеттик программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сомдук депозиттик колдоону пайдалана алышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар жайкы эс алуу лагерин уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышып, Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени ыкчам кароону тапшырды.
Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы жаштарга билим алып, кесипке ээ болуп, коомдун активдүү мүчөсү болууга чакырып, окууда жана келечектеги эмгек жолунда ийгиликтерди каалады.






