Бүгүн, 5-июнда Чолпон- Атада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин 4-кеңешмеси өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин Бирдиктүү текстиль кластерин түзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу демилгеси менен чыкты.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков демилгени тааныштырып жатып, текстиль өнөр жайы салттуу түрдө экономикалык өсүштүн, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналарын белгиледи.
«Жеңил жана текстиль өнөр жайы жогорку социалдык мааниге ээ тармак болуп саналат. Ошол эле учурда дүйнөлүк чакырыктардын күчөшү жана эл аралык атаандаштыктын өсүшү кызматташуунун жаңы форматына өтүүнү талап кылууда. Бүгүнкү күндө ШКУ мейкиндиги жөн гана чийки заттарды сатуу модели менен чектелип кала албайт. Өлкөлөрүбүз пахта, жүн, жибек жана башка ресурстарды экспорттоп, кайра даяр продукцияны импорттоо менен улуттук экономикаларда кала турган кошумча нарктын олуттуу бөлүгүн жоготуп жатат», – деди министр.
Анын айтымында, ШКУ өлкөлөрүнүн алдында өз алдынча жүргүзүлгөн соода операцияларынан терең өнөр жай кооперациясына өтүү жана чийки зат базасынан баштап даяр продукция чыгарууга чейинки толук циклдүү туруктуу өндүрүштүк-технологиялык чынжырларды түзүү боюнча стратегиялык милдет турат.
Дал ушул максаттарды ишке ашырууга багытталган Кыргызстандын демилгеси ШКУга мүчө мамлекеттердин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоого жана узак мөөнөттүү өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган Бирдиктүү текстиль кластерин түзүүнү көздөйт.
Макулдашуунун долбоорунда кызматташуунун төрт негизги багыты каралган.
Биринчи багыт – аймактык өнөктөштүктү жана өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү. Бул үчүн ШКУ өлкөлөрүндөгү өндүрүш ишканаларынын, илимий мекемелердин жана логистикалык борборлордун ортосундагы байланыштарды чыңдап, өнөктөш-аймактарды аныктоо сунушталууда. Натыйжада чийки заттык, технологиялык жана инженердик мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырып, жогорку кошумча наркы бар продукцияны чыгарууга шарт түзүлөт.
Экинчи багыт – тоскоолдуктарды жоюу жана рынокторго жеткиликтүүлүктү кеңейтүү. Документ административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү, сертификаттоо талаптарын жакындатууну, сапат стандарттарын өз ара таанууну жана маркировка системаларын өркүндөтүүнү карайт. Бул ШКУ мейкиндигинде товарлардын эркин жүгүртүлүшүнө өбөлгө түзөт.
Үчүнчү багыт – технологиялык модернизация жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү. Анын алкагында транспорттук каттамдарды координациялоо, логистикалык чыгымдарды кыскартуу жана заманбап текстиль-техникалык жабдууларды жеткирүүнү колдоо мерчемделүүдө. Бул ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жардам берет.
Төртүнчү багыт – товарлардын санариптик көзөмөлдүүлүгүн камсыз кылуу жана ички рынокту коргоо. Макулдашуу контрафакттык продукцияга жана мыйзамсыз импортко каршы күрөштү күчөтүп, ак ниет өндүрүүчүлөрдү жана интеллектуалдык менчикти коргоого багытталган.
Жыйындын жүрүшүндө Бирдиктүү текстиль кластерин түзүү улуттук салыктык, бажылык жана техникалык жөнгө салуу механизмдерин жакындатууну талап кылган масштабдуу долбоор экени белгиленди. Демилгени ишке ашыруу үчүн эксперттик деңгээлдеги системалуу иштер жана мамлекеттер аралык тыгыз кызматташтык зарыл экендиги айтылды.
Мындан тышкары, кыргыз тарап биргелешкен жип ийрүүчү, токуу жана тигүү өндүрүштөрүн түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорлордун реестрин иштеп чыгуу үчүн Биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады.



