Бүгүн баш калаанын борбордук “Ала-Тоо” аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Мэриядан билдиришкендей, ар жума жана ишемби күндөрү “Ала-Тоо” аянтындагы фонтандар комплексинин жанында Кыргызстандын белгилүү чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программалар уюштурулат.
Алгачкы музыкалык кече 5-июнда саат 19:00дө башталат. Көрүүчүлөр үчүн улуттук музыкалык салттарды жана заманбап өзгөчө концерттик программасы менен “Кыргыз Руху” эстрадалык-фольклордук ансамбли концерттик программасын тартуулайт. Ал эми 6-июнда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында “Семетей” ансамблинин концерти өтөт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жайкы музыкалык кечелерге келип, борбор калаанын жылдыздуу асманынын астында майрамдык маанай түзүүгө чакырат.



