Президенттик Администрациянын Маалыматтык-саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жапайы жаныбарларды коргоо күчөтүлгөнүн билдирип, фейсбук баракчасына пост жазды.
“Кайберендер адам затына тамак-аш болуп берүү функциясын эбак эле аткарып бүткөн. Азыр тамак-аш кенен, короо малга толгон заман. Бир тоо эчкини атам деп 300 миң сом төлөп калуудан алыс болуңуздар.
Ал эми аркар-кулжанын айып пулу 1 500 000 сом, ак илбирсти атса 2 000 000 сом. Ар бир жаныбардын, канаттуунун убалы, ага жараша салынчу айып пулу каралган.
Мен жүктөгөн кийиктердин видеосу Ала-Арчада тартылган. Аралыгы 10-15 жана 20 метр. Адамга байыр алып, жакын барсаң качпайт. Себеби, Ала-Арча корукка алынгандыктан, жапайы жаныбарлар дагы коркпой калган. Ар бир айылда ушундай болушу керек”, – деп жазды Орунбеков.



