Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы сел жүргөн аймакта дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн куткаруучулар өспүрүмдүн сөөгүн 8-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында табышкан.
Маркумдун сөөгү тиешелүү документтештирүү жана башка зарыл иш-чараларды жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.



