Башкы беткеПрезидентЭмомали Рахмон Кыргызстандын БУУдагы жеңиши менен куттуктады

Эмомали Рахмон Кыргызстандын БУУдагы жеңиши менен куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы менен куттуктады.

Ал өзүнүн куттуктоо телеграммасында бул окуя Кыргызстандын эл аралык аброю жогору экенин жана өлкөнүн тышкы саясаты дүйнөлүк деңгээлде таанылганын билдирерин белгиледи.

Рахмон Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги ишмердиги аймактагы жана дүйнөлүк коопсуздукту чыңдоого кошумча салым кошорун айтты.

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкө 2027–2028-жылдары ушул органда өкүлчүлүк кылат.

Шайлоо 3-июнда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында өтүп, Кыргызстандын талапкерлигин 142 мамлекет колдогон. 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар