Бүгүн, 8-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулган «Асман Резиденс №1» турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы көп кабаттуу турак жай комплекси да пайдаланууга берилди.
Мамлекет башчысы жаңы батир ээлерин куттуктап, жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыздоо мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда мамлекеттик ипотекалык программалардын алкагында өлкө боюнча 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат.
Президент белгилегендей, Ош облусунда жалпысынан 2044 батирден турган үч турак жай комплекси, ал эми Ош шаарында 5518 батирди камтыган төрт ири турак жай комплекси курулууда. Алардын бири болгон «Асман Резиденс №1» комплекси сегиз блоктон турган 12 кабаттуу заманбап турак жай болуп саналат. Комплексте жалпы 543 батир жайгашып, жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган. Анда жер алдындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчалары, коммерциялык жайлар жана башка зарыл инфраструктура объектилери орун алган. Короо аймагы көрктөндүрүлүп, заманбап коопсуздук системалары орнотулган.
Мамлекет башчысы белгилегендей, объектти пайдаланууга берүү ушул жылдын төртүнчү кварталына пландалган болчу. Бирок куруучулардын жана инженерлердин тынымсыз эмгегинин аркасында комплекс мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү. Ошондой эле Президент Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы беш көп кабаттуу турак жайдын биринчи этабын онлайн режимде ачты. Долбоордун алкагында азырынча 225 батир пайдаланууга берилсе, жыл соңуна чейин дагы 225 батирдин курулушу аяктап, жарандарга тапшырылары белгиленди.
Садыр Жапаров курулуш тармагындагы сапат маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, бардык кемчиликтер боюнча жарандардын сунуш-пикирлери сөзсүз эске алынарын билдирди.
Ачылыш аземинин соңунда Президент жаңы батир ээлеринин бирине турак жайдын ачкычын тапшырып, комплекс менен таанышып чыкты.




