Башкы беткеКоомЖыл башынан бери 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө жумушка орношту

Жыл башынан бери 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө жумушка орношту

2026-жылдын алгачкы беш айында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун көмөгү менен 12 миңге жакын кыргызстандык жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар көбүнчө Улуу Британияга айыл чарба тармагына, Болгария менен Түркияга мейманкана тармагына, ошондой эле Германия жана Түштүк Кореяга иштөөгө кетишүүдө.

Учурда EPS программасынын алкагында Түштүк Кореяда 1,6 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын орточо айлыгы 1,7 миң долларды түзөт. Турак жай жана тамак-аш чыгымдарынын бир бөлүгүн же толугу менен иш берүүчү каржылайт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Японияда ишке орноштуруу боюнча жаңы программага даярдык жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктар үчүн Япониядагы эмгек келишимдери кеминде бир жылдык болуп, айлык акысы 2 миң доллардан жогору болот.

Ошол эле учурда Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөдө иштеген жарандардын эң көп кездешкен көйгөйү эмгек акынын өз убагында төлөнбөй калышы экенин белгиледи. Айрыкча мындай учурлар Орусияда көп катталары айтылды.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар