2026-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков расмий иш сапар менен Кыргызстанга келген Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Документтин негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган ишкерлер менен компаниялардын кирешелерине кош салык салууну жоюу. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө шарт түзөт.
Адистердин белгилешинче, кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашуулар чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун натыйжалуу механизмдеринин бири болуп саналат.
Мындан тышкары, келишим бир мамлекеттин резиденттерин экинчи мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоону, салыктан качуунун алдын алууну жана макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт коюуну көздөйт. Ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда салык жаатындагы маалымат алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Тараптар бул макулдашуу Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, өз ара пайдалуу инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.



