Башкы беткеКоомКыргызстанда 105 миңден ашык бала 1-класска катталды

Кыргызстанда 105 миңден ашык бала 1-класска катталды

Кыргызстанда 105 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Бул тууралуу мектептердин 1-классына электрондук каттоо системасынын расмий порталы маалымдады.

Бишкек шаарында 21 миң бала мектепке кабыл алынды. Алардын ичинен 10,9 миңи орун кыргыз тилиндеги, ал эми 10,1 миңден ашыгы орус тилиндеги класстар. Ошондой эле борбор калаадагы мектептерде дагы 5,4 миңге жакын бош орун бар экени белгиленди.

Маалыматка ылайык, 2026/2027-окуу жылына республика боюнча жалпы квота 192,3 миң орунду түзөт. Учурда анын 87 миңге жакыны бош бойдон калууда.

Электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Алгачкы этапта каттоо микроучасток боюнча жүргүзүлсө, учурда бош орун бар мектептерге жашаган жерине карабастан катталуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө. 

Биринчи класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар