Башкы беткеДүйнөКыргызстан БУУнун климаттык конференциясында тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көтөрдү

Кыргызстан БУУнун климаттык конференциясында тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көтөрдү

Германиянын Бонн шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын көмөкчү органдарынын 64-сессиясы (SB64) өтүүдө. Ага дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн келген делегациялар катышууда.

Кыргызстандын делегациясын президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеп барды. Ал Тоолуу өлкөлөр тобунун төрайымы катары 11 мамлекеттин атынан сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыркап жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн климаттык каржылоого, жаңы технологияларга жана эрте эскертүү системаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө чакырды.

Кемелова тоолуу аймактар суу коопсуздугун камсыздоодо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Конференциянын алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стилл жана башка эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, тоо маселелерин дүйнөлүк климаттык күн тартибине чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Мөңгүлөргө арналган тематикалык иш-чарада Динара Кемелова Кыргызстандын бул багыттагы демилгелерин тааныштырып, мөңгүлөрдү изилдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанисине токтолду.

Ошондой эле эксперттер глобалдык температура 2100-жылга чейин 2,7 градуска жогоруласа, Кыргызстандагы Абрамов мөңгүсү толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар