Нарын шаарында 100 койкалуу жаңы төрөт үйүнүн курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган.
Жалпы аянты 3129 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган палаталар, дарыгерлердин кабинеттери, стерилдөө бөлмөлөрү жана ашкана жайгашат.
Курулуш-монтаждоо иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Долбоор аймактын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүп, калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.



