Башкы беткеМинистрлер кабинетиПарламент Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук берди

Парламент Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алтынбек Рысбековдун талапкерлигине макулдук беришти. Эске салсак, аталган ведомствонун мурдагы жетекчиси Таалайбек Ибраев кечээ өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Маселе жыйында каралып жатканда депутат Дастан Бекешев Алтынбек Рысбековду кызматкерлерин тандоодо тууганчылыкка карабай, алардын кесипкөйлүгүнө басым жасоого чакырды. Ал эми депутат Жайлообай Нышанов алыска аймактарда электр станцияларынын абалы өтө оор экенин белгилеп, жагдайга көңүл бурууну өтүндү.

Андан тышкары, депутаттар тармактагы негизги көйгөйлөргө да токтолушуп, жаңы министрден жаңы реформаларды күтүшөрүн кошумчалашты. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү сунушту колдоп, Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук беришти.

Алтынбек Рысбеков 48 жашта. Ал буга чейин энергетика министринин орун басары болуп иштеп келе жаткан. Ага чейин “Улуттук электр тармактары” ишканасынын директору болгон.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар