Президент Садыр Жапаров мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иш алып баруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, эми жетекчилердин ишмердүүлүгү аткарылган иштер тууралуу отчеттор менен гана эмес, калктын берген баасы жана жарандардын кайрылууларынын негизинде бааланат.
Бул демилгенин мааниси тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Эсенбек Тогонбаев “Спутник Кыргызстан” агенттигине берген маегинде түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, акыркы мезгилде жергиликтүү деңгээлде чечилиши керек болгон айрым маселелер өз убагында каралбай, формалдуу мамиле жасалган учурлар кездешкен.
«Жетекчилер өздөрүнө мыйзам менен берилген ыйгарым укуктарды так аткарып, эл менен тыгыз байланышта болушу керек. Калктын көйгөйлөрүн жеринде көрүп, угуп, чечүү – бүгүнкү күндүн негизги талабы. Ар бир жетекчинин ишинин натыйжалуулугу реалдуу абалга жараша бааланышы зарыл», – деди Тогонбаев.
Ал белгилегендей, жаңы жарлык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
“Биз негизги багытыбыздан тайбашыбыз керек. Ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткарууга тийиш. Буга чейин бул жаатта айрым кемчиликтер орун алган. Алардын баары жарандар менен болгон жолугушууларда ачык айтылып жатат. Президент тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынууда. Бүгүнкү күндө облустук өкүлдөр, район акимдери жана республикалык маанидеги шаарлардын жетекчилери эл менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп жатышат. Мындай жолугушууларда мурда көңүл сыртында калып келген же жетиштүү деңгээлде көтөрүлбөгөн көйгөйлөр дагы аныкталууда. Натыйжада, жергиликтүү бийлик органдары бул маселелерди жеринде чечүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди күчөттү. Президенттин жаңы жарлыгы да дал ушул максаттарды ишке ашырууга багытталып, мамлекеттик башкаруу системасынын бардык деңгээлдеринде иштин сапатын жана жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө түзөт», – деп белгиледи ал.



