Америкалык космостук технологиялар жана жасалма интеллект тармагында иштеген Илон Маскка таандык SpaceX компаниясы биржага чыгуу алдында финансылык уюмдардан 75 миллиард доллар инвестиция тартты.
АКШнын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясына (SEC) берилген документтерге ылайык, компания акцияларын ар бири 135 доллардан саткан. Бул баа өткөн аптада жарыяланган алдын ала көрсөткүчкө туура келет.
Мындай баалоо менен SpaceX компаниясынын рыноктук наркы дээрлик 1,8 триллион долларга жетет. Эгер акциялар соода башталгандан кийин ушул деңгээлде же андан жогору баада сатылса, SpaceX дүйнөдөгү эң кымбат ачык компаниялардын катарына кирет.
Адистердин баамында, компаниянын акцияларына инвестициялык фонддор жана жеке инвесторлор тарабынан чоң кызыгуу жаралышы күтүлүүдө.
Ошондой эле мындай баалоо SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгын дагы көбөйтүп, аны тарыхтагы биринчи триллионерге айлантуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.



