Марлен Маматалиев Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Парламент Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар кыргыз-казак мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн белгилеп, эки өлкө башчыларынын саясий эрки эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө негиз болуп жатканын баса белгилешти.
Мындан тышкары, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана транспорт-транзит, энергетика, айыл чарба жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери көтөрүлдү.
Марлен Маматалиев эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү өсүп жатканын белгилеп, экономикалык кызматташтыкты мындан ары да активдештирүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Өз кезегинде Ерлан Кошанов кыргыз тарап менен ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда чек арадагы өткөрмө жайларын модернизациялоо, транспорттук каттамдарды жакшыртуу жана туристтик байланыштарды кеңейтүү маселелери да талкууланды. Ошондой эле Марлен Маматалиев казак тарапты VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.



