Башкы беткеПрезидентЖаңы жарлыкка жараша креативдүү тармактар салыктан бошотулду

Жаңы жарлыкка жараша креативдүү тармактар салыктан бошотулду

Президент Садыр Жапаров салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Документке ылайык, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, блогерлик, аутсорсинг, стартаптар, кино өндүрүшү жана башка креативдүү тармактарда иштеген субъекттерди 5 жылга салыктардан бошотуу сунушталууда.

Ошондой эле бул багыттагы ишкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасын 5 пайыз деңгээлинде белгилөө жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жеңилдетүү каралган.

Жарлыкта коомдук тамактануу жайлары, сауна жана мончо кызматтары, ошондой эле турак жайларды алгачкы сатуу боюнча бирдиктүү салыктын жаңы ставкалары сунушталган.

Мындан тышкары, кыймылсыз мүлк салыгы боюнча айрым туумдарды эсептебөө, Баткендеги турак жайларды курган компаниялардын салык карыздарын эсептен чыгаруу жана ишкерлер үчүн товарларды эсепке алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү чаралары каралган.

Документ ошондой эле контрабандага каршы күрөштү күчөтүүнү жана мыйзамсыз ташылган товарларга карата жоопкерчиликти катаалдаштырууну көздөйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар