Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин жакырчылыкты азайтуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Жыйынга экономика, иш менен камсыз кылуу, билим берүү, айыл чарба, социалдык коргоо жана аймактарды өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жаңы программанын негизги максаты – калктын кирешесин жогорулатууга багытталган мамлекеттик чараларды бирдиктүү системага бириктирүү. Документ социалдык колдоо, жумуш орундарын түзүү, адамдык капиталды өнүктүрүү жана жарандардын туруктуу киреше табуусуна шарт түзүү механизмдерин камтыйт.
Жыйындын жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрүнө программага жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына киргизүү үчүн сунуштарды даярдоо тапшырылды.




