Башкы беткеМинистрлер кабинетиМинКаб Төрагасы Өзбекстанга жумуш сапары менен барат

МинКаб Төрагасы Өзбекстанга жумуш сапары менен барат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 16-17-июнда жумуш сапары менен Ташкент шаарына барат.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Иш-чаранын алкагында Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөөрү жана башка сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.

Мындан тышкары, форумга катыша турган делегация башчылары менен биргеликте Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда тарыхый булактар менен таанышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар