Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Түп районундагы кайра иштетүүчү ишканалардын жана айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө «Эрдик» айыл чарба кооперативинин жаңы сафлор жана зыгыр майын өндүрүүчү цехинин иши каралды. Ошондой эле өндүрүштөн чыккан кошумча продукцияларды мал тоютуна кайра иштетүү процесси көрсөтүлдү.
Учурда кооператив чийки зат базасын кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Эгер былтыр 100 гектардан ашык аянтка сафлор жана зыгыр өсүмдүктөрү айдалса, быйыл кластердик ыкма киргизилип, фермерлер сапаттуу үрөн менен камсыздалууда. Мындан сырткары, түшүмдү кепилденген сатып алуу механизми ишке киргизилип, натыйжада айдоо аянтын 450–500 гектарга чейин көбөйтүү пландалууда.
Кооперативдин жетекчилиги өндүрүштү мындан ары кеңейтүү үчүн кошумча каржылык колдоого муктаж экенин белгилеп, долбоор ишке ашса Түп району жана жалпы Ысык-Көл облусу жергиликтүү өсүмдүк майы менен камсыз боло турганын билдирди.
Өз кезегинде Рустам Балтабаев 2040-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 50 пайызга жеткирүү максаты коюлганын айтып, бул үчүн туруктуу чийки зат базасын түзүү жана мамлекет менен өндүрүүчүлөрдүн тыгыз кызматташуусу зарыл экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө кооперативге колдоо көрсөтүү, ошондой эле фермерлер арасында сафлор жана зыгыр сыяктуу кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтын кеңейтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Министрликтен билдиришкендей, өсүмдүк майы социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн катарына кирет. Ошондуктан импортту алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган мындай долбоорлор мамлекеттик колдоого ээ боло берет.



