Кыргызстанда учурда майыптыгы бар 29 миң 728 бала адистештирилген жана жалпы билим берүүчү мектептерде, ошондой эле “Туңгуч” онлайн мектеби аркылуу билим алууда. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, дагы 8 миңге жакын бала ден соолугунун оор абалына байланыштуу мектепке бара албайт. Алар үй шартында же реабилитациялык борборлордо билим алышып, мугалимдер тарабынан жеринде окутулууда.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү маселесин көтөрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектептерде бардык шарттарды түзүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле мугалимдердин жардамчысы кызматын киргизүү, пандустарды көбөйтүү жана атайын адистердин санын арттыруу сунушталды.
Мындан тышкары, мектептерде психологдордун, логопеддердин, сурдопедагогдордун жана башка атайын педагогикалык адистердин жетишсиздиги белгиленип, бул багыттагы кадрларды даярдоону күчөтүү сунушу айтылды.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны акыркы жылдары өсүүдө. Эгер 2010-жылы алардын саны 22 миң болсо, 2023-жылы 37 миң 637 балага жеткен.



