Кытайда Бакыт Төрөбаев Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бизнес-жолугушууга катышты. Иш-чара кыргыз делегациясынын Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.
Жолугушуунун негизги максаты Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналат.
Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө Кыргызстан эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды күчөтүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
Ошондой эле ал кыргыз-кытай мамилелери достук, өз ара урматтоо жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген жогорку деңгээлде экенин белгилеп, Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин кошумчалады.
Жолугушуу ачык диалог форматында улантылып, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү кызматташтыктын келечектүү багыттарын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин жана жаңы бизнес байланыштарды түзүүнү талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тарап транспорт, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана социалдык инфраструктура тармактарындагы инвестициялык долбоорлорду сунуштады.
Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкер байланыштарды активдештирүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишти.


