Башкы беткеДүйнөУлуу Британияда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат

Улуу Британияда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер өлкөдө 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салынарын билдирди.

Анын айтымында, бул чечим балдардын коопсуздугун камсыздоо жана алардын психикалык саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынууда. Өкмөт тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү быйыл Рождествого чейин кабыл алып, жаңы эрежелерди кийинки жылдын башынан тарта ишке киргизүүнү көздөөдө.

Стармер белгилегендей, ата-энелердин көпчүлүгү бул демилгени колдошкон. Ошондой эле тыюуну айланып өтүүгө аракет кылган өспүрүмдөргө жаза колдонулбай турганы айтылды.

Ал эми YouTube компаниясы мындай чектөө балдарды коопсуздугу төмөн болгон башка платформаларды колдонууга түртүшү мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин өлкөдө өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарды колдонууга байланыштуу ар кандай чектөөлөрдү сыноо максатында пилоттук долбоор жүргүзүлгөн. Анын алкагында социалдык тармактарды толугу менен тыюу салуу, күнүнө бир саат менен чектөө жана түнкү убакта колдонууга бөгөт коюу сыяктуу ыкмалар каралган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар