Мен күн энергетикасы орто мөөнөттүү келечекте Кыргызстан үчүн электр энергиясын өндүрүүнүн эң натыйжалуу багыттарынын бири болуп, негизги кыймылдаткычка айланат деп жазганымда, айрымдар бул пикирге күмөн саноо менен карашкан. Президент Садыр Жапаров тарабынан Ысык-Көл облусундагы «ROX Ысык-Көл» күн электр станциясынын биринчи этабынын ишке берилиши бул көз караштын реалдуулукка айланып бара жатканын дагы бир жолу далилдеди.
Биз гидроэнергетиканы өлкөнүн башкы байлыгы деп көнгөнбүз. Бул – чындык. Бирок ири гидроэлектр станцияларын куруу ири инвестицияларды, узак убакытты талап кылат жана эң башкысы – барган сайын азайып бара жаткан суу ресурстарынан көз каранды. Ал эми күн электр станциялары кыска мөөнөттө курулуп, салыштырмалуу аз чыгым талап кылат жана өлкөнүн энергетикалык системасына түшкөн жүктү олуттуу түрдө азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
«ROX Ысык-Көл» долбоорунун масштабы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Долбоор толугу менен аяктагандан кийин анын кубаттуулугу 1900 мегаваттка жетери күтүлүүдө. Бул көрсөткүч өлкөдөгү эң ири энергетикалык объектилердин кубаттуулугу менен тең тайлаша алат. Башкача айтканда, Кыргызстанда жаңы энергетикалык борбор түзүлүүдө десек жаңылышпайбыз.
Маанилүүсү – долбоор үчүн айыл чарбага дээрлик жараксыз жерлердин колдонулушу. Күн станциясы үчүн болжол менен 2 миң гектар жер бөлүнгөн, бирок Кыргызстанда буга окшош жарым чөлдүү аймактар миңдеп саналат. Айрыкча, өлкөнүн түштүгүндө мындай аймактар көп. Ал жактарга Кытайдагыдай эле ири энергетикалык талааларды курса болот. Күн станциялары чөлдөрдө, тоолордо, ал тургай деңиз, көл жээктеринде да салынып жатат.
Күн энергетикасы электр энергиясын гана бербейт. Дүйнөдө күн панелдеринин астындагы кумдуу жерлер акырындап калыбына келип, өсүмдүктөр пайда болуу менен микроклимат жакшыра баштаган мисалдар бар. Демек, мындай долбоорлор энергия өндүрүү менен гана чектелбестен, экологияны калыбына келтирүүгө да салым кошот.
Эң кызыгы башкада. Кыргызстан күн панелдерин жөн гана орнотуп койбостон, бул тармак үчүн зарыл болгон компоненттердин көпчүлүгүн өзү өндүрүүгө да жөндөмдүү. Бизде чийки зат жана кремний менен иштөө тажрыйбабыз, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларыбыз жана адистер жетиштүү. Туура мамиле жасасак, келечекте күн панелдерин жана алардын компоненттерин чыгарган, тейлеген жана модернизациялаган бүтүндөй бир тармакты калыптандыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Эми суу маселеси. Эсептөөлөр боюнча, ушул бир эле станция Токтогул суу сактагычында жыл сайын жүз миллиондогон куб метр сууну үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Энергетикасы суу деңгээлине түздөн-түз көз каранды болгон өлкө үчүн бул стратегиялык ресурс.
Кыргызстан – күнөстүү өлкө. Качандыр бир кезде дарыялардын энергиясын пайдаланууну үйрөнгөндөй эле, бул байлыкты дагы натыйжалуу колдонууга убакыт келгендир.
Азамат Касыбеков “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн баяндамачысы




