Кыргызстандыктар үчүн Кытайдын Гуйлинь технологиялык университетинде 2026–2027-окуу жылында билим алуу боюнча тандоого документтерди кабыл алуу башталды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы жети стипендиялык орун бөлүнгөн. Анын экөө бакалавриат, ал эми бешөө магистратура программаларына каралган.
Документтер 2026-жылдын 3-июлунан 8-июлуна чейин кабыл алынат.
Сынакка катышууну каалагандар министрликтин маалыматтык системасы аркылуу каттоодон өтүп, керектүү документтердин толук топтомун электрондук форматта жүктөшү зарыл.
Тандоого кабыл алуучу университеттин талаптарына жооп берген жана белгиленген мөөнөттө документтердин толук топтомун тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.



