Мамлекеттик автомектептин тездетилген окуу программасын аяктаган алгачкы бүтүрүүчүлөр айдоочулук күбөлүк алуу үчүн мамлекеттик квалификациялык экзамендерди тапшыра баштады. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор билдирди.
Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөрдүн бири Бегимай Кутукеева теориялык экзаменди биринчи аракетинде ийгиликтүү тапшырып, 20 суроонун баарына туура жооп берген. Ал эми ”В” категориясы боюнча практикалык экзаменди 30-июлда тапшырат.
Дагы бир талапкер теориялык экзаменди биринчи жолу тапшырганы менен, ийгиликтүү өтө алган эмес. Ал белгиленген мөөнөттө кайрадан экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Эске салсак, мамлекеттик автомектептин негизги окуу программасы 10 айга эсептелген. Ошону менен катар жарандар үчүн төрт айлык тездетилген программа да каралган. Анын алкагында теория онлайн форматта өз алдынча окутулса, практикалык сабактар көзмө-көз өткөрүлөт.
Ички экзамендерден ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөр мамлекеттик квалификациялык экзаменге киргизилет. Экзаменден өткөндөргө алты айлык мөөнөткө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет. Эгер бул убакыт аралыгында айдоочу жол кыймылынын эрежелерин одоно бузбаса жана жол кырсыгына күнөөлүү болбосо, кошумча сынактан кийин ага 10 жылдык мөөнөткө улуттук айдоочулук күбөлүк тапшырылат.



