Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча өлкөдө айрым азыктардын баасы өскөнү, айрымдары арзандаганы аныкталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уй этинин баасы 0,1 пайызга жогорулаган. Ал эми кой этинин баасы 0,2 пайызга төмөндөгөн.
Мындан тышкары, өлкөдө баш пияз 3,5 пайызга, сабиз 3 пайызга, тоок жумурткасы 2,7 пайызга кымбаттаган. Таңгакталган макарон азыктары, ун, нан, кумшекер жана башка айрым азыктардын баасында да бир аз өсүш катталган.
Мониторингде Казакстан жана Орусиядагы азык-түлүк баалары да салыштырылды. Казакстанда уй этинин баасы 0,1 пайызга, кой эти 0,6 пайызга өскөн. Ал эми Орусияда уй эти 0,1 пайызга, кой эти 0,1 пайызга кымбаттаган.
Министрлик баалар боюнча мониторинг азык-түлүк рыногундагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө жана туруктуу камсыздоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.



