Кыргызстандын маалымат мейкиндигин жер маселесине байланыштуу эмоционалдуу талкуулар байма-бай чайпап келет. Жер кодексине киргизиле турган акыркы өзгөртүүлөрдүн айланасындагы талкуулардын күчөшү кайрадан жалган маалыматтардын жайылышына түрткү болду. Социалдык тармактарда мамлекет жер тилкелерин чет элдик жарандарга «сатууну» же жарым кылымга «өлкөнү кулчулукка берүүнү» көздөп жатат деген билдирүүлөр жигердүү таратыла баштады.
Үстүртөн жасалган мындай билдирүүлөргө эч кандай негиз жок экенин жана бул коом үчүн тарыхый жактан сезимтал теманы спекуляциялоо болуп саналарын терең юридикалык жана экономикалык талдоолор көрсөтүп турат.
Нааразычылыктар укуктук түшүнүктөрдү алмаштырууга негизделген. Тагыраагы, «ижара» түшүнүгү атайылап «сатуу» жана «ээликтен ажыратуу» түшүнүктөрүнө теңештирилүүдө. Чындыгында, өзгөртүүлөрдүн башкы максаты — ресурстарды таратуу эмес, жерди пайдалануу боюнча темирдей тартипти орнотуу. Мыйзам чыгаруучулар чет элдик инвесторлорго жерди жеке менчикке алуусуна кыпындай да мүмкүнчүлүк калтырбастан, алардын күчтүү укуктук ченемдин негизинде гана иштешин камсыз кылган механизмди киргизүүдө.
ТАРТИПТИ ЧЫҢДОО ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР
Жаңыланган мамлекеттик саясат жер тилкелерин берүү ыкмасын принципиалдуу түрдө өзгөртөт. Эгерде мурда узак мөөнөттүү ижараны колдонуу тажрыйбасы көзөмөлдүн жоктугунан аксап келсе, эми этап-этабы менен берилүүчү система киргизилгени жатат. Президент Садыр Жапаров жана юстиция министри Аяз Баетов жаңы милдетти так белгилешти: жер мындан ары дароо 49 жылга берилбейт.
- Биринчи этапта инвестор пайдалануу укугун 10 жылга гана алат. Бул убакыт ичинде ал өз ниетинин олуттуулугун далилдеп, аймакты өздөштүрүүнү баштоого милдеттүү.
- Эгерде милдеттенмелер аткарылып, долбоорго реалдуу каражаттар түшсө, мөөнөт 25 жылга чейин узартылат.
- Келишимде көрсөтүлгөн инвестициянын бүткүл суммасы толук өздөштүрүлгөндөн кийин гана ижара мөөнөтү максималдуу 49 жылдык мөөнөткө чейин узартылышы мүмкүн.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде баса белгилегендей, чет элдик капиталды тартуу үчүн узак мөөнөттүү ижара механизми — жаңылык эмес. Ал Кыргызстанда ондогон жылдар бою ийгиликтүү иштеп келет.
Алыс кетпей мисал катары борбор калаадагы бир-эки объектти эле алалы. «Vefa Center» жана «Beta Stores» сыяктуу ири соода-ишкердик комплекстери дал ушул мамлекеттик жерди узак мөөнөткө ижарага алуу шарттарында курулган. Бүгүнкү күндө бул объекттер республиканын укуктук талаасынан тышкары жашабайт. Аларда Кыргызстандын миңдеген жарандары эмгектенип, жүздөгөн жергиликтүү ишкерлер иш алып барат, ал эми мамлекеттик казынга салык жана ижара төлөмдөрү үзгүлтүксүз түшүп турат.
Бул имараттарды эч ким өлкөнүн чегинен тышкары алып кеткен жок, анткени физикалык жана юридикалык жактан бул мүмкүн эмес. Ал эми алардын астындагы жер мурдагыдай эле мамлекеттин менчигинде калууда. КР Жер кодексинин 5-беренеси чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга жер тилкелерин жеке менчикке берүүгө катуу тыюу салат.
ЭКСПЕРТТИК АНАЛИЗ: УКУКТУК ЧЫПКАЛАР, СУВЕРЕНИТЕТ ЖАНА МААЛЫМАТТЫК МАНИПУЛЯЦИЯЛАР
Абалды толук талдоо жана өзгөртүүлөрдүн реалдуу маанисин баалоо үчүн саясат, юриспруденция жана эл аралык мамилелер тармагындагы эксперттер «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн атайын кабарчысына кеңири комментарий беришти.
Саясий илимдердин доктору, мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов «Кыргыз Туусунун» редакциясы менен болгон маегинде реформанын башкы маңызы — мамлекеттик жерлерди курулушсуз жылдап кармап, ресурстарды тоңдуруп келген абийирсиз ижарачылар менен күрөшүүнүн натыйжалуу механизмин түзүүдө экенин баса белгиледи.
Анын пикиринде, ижара мөөнөттөрүн инвестициялоо этаптарына байлоо жана курулуш графиги бузулган учурда келишимдерди мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартибин киргизүү мамлекеттин кызыкчылыктарын коргойт. Мурдагы ТИМ башчысы колдонуудагы мыйзамдар «кызыл сызыктарды» так чектеп, айыл чарба багытындагы жерлерди жана чек ара аймактарын чет элдиктерге берүүнү толугу менен четке кагарын белгиледи.
«Инвестор тарабынан түзүлгөн капиталы бар имараттар, өндүрүштүк комплекстер, логистикалык борборлор жана инженердик тармактар физикалык жактан Кыргыз Республикасынын аймагында калат жана анын экономикасы үчүн иштөөнү улантат. Аларды өлкөдөн көчүрүү же алып кетүү мүмкүн эмес», — деди эксперт.
Ал эми КР саясатчылар ассоциациясынын аткаруучу директору Токтогул Какчекеев «Кыргыз Туусуна» берген маегинде Конституция жана Жер кодекси башынан эле жердин мамлекеттик менчикте сакталышына кепилдик берерин, ал эми ижаранын кайсы гана түрү болбосун бизнести өнүктүрүүгө жана салык базасын кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.
Анын айтымында, жердин ар бир карышы жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Ал эми кодекстин жаңы редакциясы “подставной” (жалган) адамдар аркылуу кайра сатуу үчүн тилкелерди «кармап отурган» спекулятивдүү схемаларга бөгөт коёт. Эксперт антикытайлык жана антиинвестициялык риториканын кескин күчөшү жөнүндө айтып жатып, процесстин саясий өңүтү бар экенин, маалыматтык чабуулдар көбүнчө деструктивдүү элементтер, анын ичинде кырдаалды чайпалтууга кызыкдар болгон реваншисттик топтордун тарапташтары тарабынан ырбатыларын айтты.
«Мыйзамда улуттун же өлкөнүн белгилери боюнча ылгоо жок, ал эми катуу эрежелерди киргизүү жерибиздин ар бир метрин сарамжалдуу пайдалануу талабына жооп берет», — деп баса белгиледи политолог.
Ал эми КР эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнө ири инфраструктуралык долбоорлорго каршы багытталган маалыматтык кампаниянын мүнөзүн майда-чүйдөсүнө чейин талдап берди. Ал Кытай аймактагы эң кубаттуу экономикалык коңшу жана негизги инвестор болуп саналаарын, ошондуктан бардык биргелешкен долбоорлор өзгөчө көңүл чордонунда болорун түшүндүрдү.
Юрист «чет элдик коркунуч» темасын айрым саясий топтор нааразы электоратты мобилизациялоо үчүн, популист блогерлер чуулгандуу контенттин артынан чуркоо үчүн, ошондой эле тышкы маалымат борборлору Борбор Азиядагы таасир үчүн атаандаштыкта жигердүү пайдаланып жатышканын баса белгиледи. Осмоналиев 1991-жылдан кийин Кыргызстан менен Кытай бардык чек ара маселелерин толугу менен жөнгө салганын жана бири-бирине аймактык дооматтары жок экенин дагы эске салды.
«Айбатты жасалма түрдө күчөтүү жана маанилүү инвестициялык долбоорлорду бөгөттөө аракеттери өлкөнүн эл аралык имиджинин начарлашына, каржылоонун кымбатташына жана жарандарыбыз үчүн жаңы жумуш орундарынын түзүлбөй калышына алып келет», — деп жыйынтыктады юрист.
ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБА: ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨР СУВЕРЕНИТЕТТИ ЖОГОТПОСТОН КАПИТАЛДЫ КАНТИП ТАРТАТ?
Мамлекеттик жерди жеке менчикке бербестен узак мөөнөткө ижарага берүү институту — бул азыркы мезгилдин ири экономикалык системалары курулган жалпы кабыл алынган дүйнөлүк стандарт. Мамлекет менчик укугун сактап калуу менен, инвесторго капиталды көп талап кылган объекттердин — заводдордун, транспорттук хабдардын, гидроэлектростанциялардын жана туристтик кластерлердин акталышы үчүн зарыл болгон мөөнөткө убактылуу пайдалануу укугун гана берет.
Буга экономикасы дүйнөнү суктандырган Сингапур айкын мисал боло алат. Бул өлкөдө мамлекеттик жердин олуттуу бөлүгү инвесторлорго 99 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берилет. Ушундай эле модель Бириккен Араб Эмираттарында да иштейт: эмираттардын көбүндө чет элдик компаниялар жана жарандар жерге жеке менчик укугунда ээлик кыла алышпайт, бирок аларга Дубай жана Абу-Даби инфраструктурасына гиганттык капиталдын агылышын камсыз кылган 99 жылга чейинки мөөнөткө ижарага алуу укугу (leasehold) берилет.
Кыргызстандын региондогу жакынкы коңшулары — Казакстан менен Өзбекстан да мамлекеттик жерди узак мөөнөткө ижарага берүүнү түз чет элдик инвестицияларды тартуунун башкы куралы катары мурдатан эле натыйжалуу колдонуп келишет. Бул мамлекеттердин бири да өзүнүн аймактык суверенитетин жоготкон жок. Тескерисинче, ижара механизмдери улуттук экономикага миллиарддаган каражаттарды тартууга мүмкүндүк берип, эгерде ижарачы экологиялык, курулуш же салык нормаларын бузса, келишимди каалаган убакта жокко чыгаруу укугун мамлекеттин өзүндө калтырат.
АКЫЛГА СЫЯРЛЫК ПРАГМАТИЗМ ЭМОЦИОНАЛДУУ СПЕКУЛЯЦИЯЛАРГА КАРШЫ
Жер кодексиндеги өзгөртүүлөрдүн айланасындагы массалык нааразычылыктар — бул медиа сабаттуулуктун төмөн деңгээлин саясий максаттарда пайдалануунун айкын мисалы. Коомчулукка «жерди сатуу» жөнүндө эмоционалдуу фейк маалыматтар сунушталууда. Бирок мамлекет улуттук байлыкты башкаруунун күчтүү, ачык-айкын жана этап-этабы менен жүргүзүлүүчү системасын куруп жатат.
«10–25–49 жыл» формуласына өтүү жер спекуляциясынын дооруна чекит коёт. Инвестор мындан ары тилкени кымбатыраак кайра сатуу үмүтү менен жылдап кармап отура албайт: ал же графикте белгиленген мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө реалдуу акча салат, же ижара укугунан ажырайт. Ошол эле учурда өлкөнүн суверенитети, анын чек аралары жана айыл чарба жерлери Конституциянын жана КР мыйзамдарынын абсолюттук жана өзгөрбөс коргоосунда калат.
ЖЕР РЕФОРМАСЫНЫН КОНТЕКСТИ ЖАНА ТАРЫХЫ
Жерди 49 жылга чейин узак мөөнөттүү ижарага берүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 1992-жылдан бери бар. Бирок өткөн жылдарда так укуктук фильтрдин жоктугу кыянатчылыктарга алып келген. Ижарачылар тилкелерди максималдуу мөөнөткө алышкан, бирок аларда эч кандай курулуш же өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүргүзүшкөн эмес.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталган КР Жер кодексине өзгөртүүлөр топтому иштелип чыккан. Жаңы тартип тилкелерди ижарага берүүдө процесстин этаптарга бөлүнүшүн киргизет (инвестициялык шарттар аткарылганда гана 25 жана 49 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен 10 жыл), ошол эле учурда жерди чет элдиктерге жеке менчикке берүүгө толук тыюу салууну сактап калат жана айыл чарба багытындагы жерлерди да, чек ара аймактарын да ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.



