30-июлда Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаевди анын өтүнүчү боюнча кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-орус мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелери талкууланып, эл аралык аренадагы өз ара кызматташтык жана гуманитардык тармактагы кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.
Тараптар стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелердин алкагында көп тармактуу кызматташууну мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
Жолугушуу салтка айланган достук жана конструктивдүү маанайда өткөнү белгиленди.



