Башкы беткеМинистрлер кабинетиИюль айында «Бала ырысы» жөлөк пулу 192 миңдей балага дайындалды

Июль айында «Бала ырысы» жөлөк пулу 192 миңдей балага дайындалды

2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 796 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык банктар жөлөк пулду алуучулардын эсептерине акча каражаттарын которууну башташат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар