Башкы беткеСаясатАликбек Жекшенкулов: «ШКУ саммитине келген меймандарды тынчтык, сабырдуулук жана ынтымак менен тосуп...

Аликбек Жекшенкулов: «ШКУ саммитине келген меймандарды тынчтык, сабырдуулук жана ынтымак менен тосуп алалы»

       Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өлкө үчүн маанилүү эл аралык иш-чаралардын бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Аликбек Жекшенкулов “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнө берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, саммитти өткөрүү мамлекеттин эл аралык аброю, келечектеги өнүгүүсү жана өлкөлөр аралык кызматташтык үчүн маанилүү.

«ШКУ саммити — бул жалгыз эле бийликке эмес, жалпы элге, биздин мамлекетке, биздин келечекке керек», — деп билдирди Аликбек Жекшенкулов.

Профессор саммит өтүп жаткан күндөрү өлкөгө келген конокторду тынчтык, сабырдуулук жана ынтымак менен тосуп алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«30–31-август, 1–2-сентябрь өткөнчө меймандарды тынчтык, сабырдуулук жана ынтымак менен тосуп алалы. Жөн эле сынтаканды койсок. Келечекти ойлогон жакшы ойлорду ойлоп, ийгиликтерди жаратсак», — деди ал.

Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, мамлекеттин ийгилиги коомдогу маанайга, адамдардын бири-бирине болгон мамилесине жана келечекке болгон ишенимине да байланыштуу.

«Менин оюмча, философия мындай: оюбуз оңолсо, ишибиз да оңолот», — деген сөзүн айтты профессор.

ШКУ саммити Кыргызстан үчүн эл аралык байланыштарды бекемдөө, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу жана жаңы кызматташтык багыттарын кеңейтүү жагынан маанилүү аянтча болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар