Башкы беткеКоомКыргызстанда биринчи жолу кохлеардык импланты бар балдарга сүйлөө процессорлору акысыз берилди

Кыргызстанда биринчи жолу кохлеардык импланты бар балдарга сүйлөө процессорлору акысыз берилди

Кыргызстанда биринчи жолу кохлеардык импланты бар жарандарды заманбап сүйлөө процессорлору менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен камсыз кылуу ишке ашты. Ал үчүн республикалык бюджеттен 30 млн сом бөлүнүп, Австралиянын Cochlear компаниясынан 35 сүйлөө процессору сатып алынган.

Жабдууларды тапшыруу аземи Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде өттү. 18-августта алгачкы 11 бейтап сүйлөө процессорлорун алышты. Адистер ар бир алуучунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен жабдууларды орнотуп, жекече жөндөөлөрүн жүргүзүштү. Калган процессорлор 19 жана 20-август күндөрү тапшырылат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, тиешелүү адистер, ата-энелер жана угуусу начар балдар катышты.

Эскерте кетсек, сүйлөө процессору — кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү. Ал айлана-чөйрөдөгү үндөрдү кабыл алып, иштеп чыгып, сигналдарды импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет.

Мунун натыйжасында угуусу олуттуу начарлаган адамдар үн маалыматтарын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, алардын баарлашуусуна, билим алуусуна жана коомдук турмушка аралашуусуна шарт түзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар