Башкы беткеСаясат«Кытайдан коркпош керек»: Кыргызстан өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланышы зарыл

«Кытайдан коркпош керек»: Кыргызстан өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланышы зарыл

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга августтун аягында келгени турат. Ошондой эле ал Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат.

Си Цзиньпиндин сапары ШКУнун алкагындагы протоколдук иш-чаралар менен гана чектелбей, ири экономикалык долбоорлордун макамын бекемдөө маселелери талкууланаары күтүлүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу. Мындан тышкары, соода, түз инвестицияларды тартуу, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралат.

Кыргызстан үчүн Кытай менен кызматташтык биринчи кезекте инвестиция, соода жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жагынан маанилүү. Айрыкча, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жаңы соода каттамдарын ачууга шарт түзөт. Долбоордун толук ишке ашырылышы Кыргызстанды Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айландырууга багытталган. Анын жалпы наркы 4,7 млрд доллар деп бааланууда. Кыргызстандын экономикасы үчүн анын мааниси жүк транзитинен түшчү киреше, жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөр жана ага байланыштуу тармактардын өнүгүшү менен байланыштуу. Адистердин экономикалык эсептери боюнча Кыргызстан транзиттик жүктөрдөн жылына 200-400 млн доллардан ашык киреше ала алат. Ал эми кыйыр эффект мындан да бир нече эсе көп болот.

Ушундай шартта Кыргызстан үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн Кытай менен кызматташтыкты тереңдетүү маанилүү экендигин эксперттер да белгилеп жатышат.

Медиаэксперт жана талдоочу Азамат Касыбеков Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп, өнөктөштүктүн артыкчылыктарын натыйжалуу пайдаланууга тийиш экендигин “Кыргыз Туусу” маалымат басма-үйүнө билдирди. Айтымында, эки тараптуу мамилелердин өнүгүү динамикасы жана стратегиялык инфраструктуралык долбоорлор өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү экени талашсыз.

Эксперттин белгилөөсүндө, Кытай менен кызматташууга байланыштуу коомчулуктагы кооптонуулар негизсиз. Анткени көптөгөн мамлекеттер Кытайдын технологияларына жана инвестицияларына жетүү үчүн кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө умтулууда. Бээжин үчүн аймактагы туруктуулук артыкчылыктуу болгондуктан, кошунасына колдоо көрсөтүү алар үчүн өзгөчө мааниге ээ.

“Кытайдан коркпош керек. Бул биздин улуу коңшубуз. Айрым өлкөлөр Кытай менен түздөн-түз кызматташып, анын технологияларын алууга аракет кылып жатышат. Ал эми биз коңшубуздан коркуп отурабыз. Мунун кереги жок.

Мен Кытайда бир нече жолу болгом. Чынын айтсам, Кытай үчүн Кыргызстан анчалык деле чоң кызыкчылык жаратпайт. Алардын өзүнүн өнүгүүсү тездик менен жүрүп жатат. Ошол эле учурда Кытай Кыргызстанга жакшы коңшу катары жардам берип, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүдө. Алар үчүн эң негизгиси — коңшусунда туруктуулуктун болушу.

Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамилесинен да муну байкоого болот. Ал бизге келген сайын жылуу мамиле жасап, коңшулук маанайда сүйлөшүүлөрду өткөрүп келет.

Биз көптөгөн өлкөлөрдөн артта калдык, ошондуктан алдыга карай тезирээк жылышыбыз керек. Кытай болсо жакшы коңшу катары бизге колдоо көрсөтүп, өнүгүүбүзгө мүмкүнчүлүк түзүп бере алат”, – деди Касыбеков.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпин 2013-жылы кызматка келгенден бери Кыргызстанга жалпы 2 жолу мамлекеттик сапар менен келген. Алардын алгачкысы 2013-жылдын 10-сентябрында болгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар