Башкы беткеИлимДКО: 28 өлкөнүн окумуштуулары көчмөн цивилизациясы тууралуу илимий жыйнак даярдашат

ДКО: 28 өлкөнүн окумуштуулары көчмөн цивилизациясы тууралуу илимий жыйнак даярдашат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдарынын негизинде илимий жыйнак жарык көрөт.

«Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу конференция 3-сентябрда өтөт. Анын материалдарынын негизинде даярдалып жаткан жыйнакка Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы көчмөн цивилизацияларын изилдеген 28 өлкөнүн окумуштууларынын жана адистеринин эмгектери киргизилет.

Жыйнакта көчмөндөрдүн тарыхы, маданияты жана салттуу мурастары менен катар, алардын муундан-муунга өтүшү, элдердин өз ара байланышы, санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу заманбап маселелер каралат.

Ошондой эле өзүнчө бөлүм 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тарыхына жана маанисине арналат. Анда оюндардын салттуу спорт түрлөрүн жана маданий мурастарды сактоодогу, ошондой эле эл аралык илимий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролу талданат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, жыйнактын жарык көрүшү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасынын маанилүү жыйынтыктарынын бири болот. Басылма ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн мындан аркы илимий кызматташтыгына да негиз түзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар