Пекинде адам сымал роботтордун экинчи Дүйнөлүк оюндары өтүп, ага 16 өлкө жана 6 континенттен келген 666 команда катышты. Бул былтыркыга салыштырмалуу 138 пайызга көп.
Мелдешке 2 миңден ашуун робот катышып, алар ылдамдык менен гана эмес, күнүмдүк иштерди аткаруу, авариялык-куткаруу операцияларына катышуу жана өндүрүштүк чогултуу жөндөмү боюнча да сыналды.
Уюштуруучулар роботтордун айлана-чөйрөнү кабыл алуусуна, өз алдынча чечим кабыл алуусуна жана адамдын кийлигишүүсүз иштей алуусуна өзгөчө көңүл бурушту.
Оюндар адам сымал роботтордун лабораториядан чыгып, күнүмдүк жашоого жана өндүрүшкө активдүү кирип жатканын көрсөттү.




