Башкы беткеКоом28-августка карата аба ырайы

28-августка карата аба ырайы

28-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Таласта +29…+34, Ысык-Көлдө +23…+28, Нарында +25…+30 градус болот.

Бишкекте аба +33…+35, Ошто +34…+36, Чолпон-Атада +23…+25 градуска чейин жылыйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар