Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев 1-сентябрда Египет Араб Республикасынын премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-египет мамилелерин мындан ары чыңдоо жана соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Египеттин Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш катары катышуусуна Кыргызстан өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын айтымында, бул кызматташтык ШКУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, ошондой эле Борбор Азия, араб дүйнөсү жана Африканын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
Министрлер Кабинетинин төрагасы 2025-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаровдун Египетке жасаган расмий сапары эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи. Ошондой эле Каир шаарында Кыргызстандын элчилигинин ачылышы эки өлкөнүн саясий байланыштарынын активдешкенин көрсөтөрүн айтты.
«Биздин эң маанилүү милдетибиз – мамлекет башчыларыбыз белгилеген кызматташтыктын темпин сактап, өкмөттөр аралык байланыштарды активдештирүүгө жана биргелешкен практикалык кадамдарга басым жасоо», – деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Египеттин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса Кыргызстанга биринчи сапар менен келгенине кубанычта экенин билдирип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык айтты.
Ал Кыргызстандын жетекчилигин жана элин Эгемендүүлүк күнү, Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы менен куттуктады.
Египеттин өкүлү өлкөсү Кыргызстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.



