Бүгүн, 1-сентябрда «Евразия» пансионатында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды.
Мелдештин биринчи күнүндө жалпы 127 спортчу катышты. Алардын 67си эркек, 60ы кыз-келиндер.
Тогуз коргоол боюнча мелдеш уланууда. Спортчулар алдыда чечүүчү этаптарда күч сынашат.
2-сентябрга карата мелдештин программасында ова́ри, мангала жана тогуз коргоол боюнча оюндар, ошондой эле оюндун ачылыш аземи каралган.
Программа:
- 09:00–10:40 — Овари;
- 11:00–12:40 — Мангала;
- 14:30–16:30 — Тогуз коргоол;
- 17:00–18:00 — ачылыш аземи;
- 18:00–19:00 — Тогуз коргоол.
