Бүгүн саат 11:36да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, ал эми Ош шаарынан түштүк-батышты карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү очогунда 3 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.


