Home Көчмөндөр оюндары Кырчын жайлоосу эки күндө 150 миңден ашык конокту кабыл алды

Кырчын жайлоосу эки күндө 150 миңден ашык конокту кабыл алды

1–2-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосуна 150 миңден ашык адам келип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларынын бири болгон жайлоо элге жык толду.

Кырчын жайлоосунда дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук спорт оюндары, маданий иш-чаралар жана этномаданий программалар уюштурулууда.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта старт алып, 6-сентябрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык мелдештеринин 70 пайызы Кырчын жайлоосунда өтөт.

Иш-чарага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн спортчулар, расмий делегациялар жана чет өлкөлүк коноктор катышууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here