Башкы беткеКоомТүрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Азербайжандын диний лидери менен жолукту

Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Азербайжандын диний лидери менен жолукту

Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев Азербайжандын Кавказ мусулмандары башкармалыгынын төрагасы, шейх-уль-ислам Аллахшүкүр Пашазаде менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр 11-майда Стамбул шаарында өттү. Жолугушууда 2026-жылдын 14–15-сентябрында Азербайжанда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мусулман диний башкармалыктарынын жетекчилеринин кеңешинин 7-жыйынына даярдык талкууланды.

Тараптар ошондой эле заманбап социалдык маселелерге — үй-бүлө институтун колдоо, нике жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо темаларына өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушууда диний маселелер боюнча жалпы позицияларды иштеп чыгууга көмөктөшкөн фетва комитетинин ролу да белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар уюм алкагында диний багыттагы кызматташтыкты жана институционалдык диалогду мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар