Башкы беткеКөчмөндөр оюндарыКазакстандык блогер Көчмөндөр оюндарынын масштабын Олимпиададан да жогору баалады

Казакстандык блогер Көчмөндөр оюндарынын масштабын Олимпиададан да жогору баалады

Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана андагы өзгөчө маанай иш-чарага келген конокторду суктандырып жатат. Казакстандык блогер жана фотограф Аскар Исказиев «Кыргыз Туусуна» берген маегинде оюндардын уюштурулушуна жана масштабына жогору баасын берди.

Анын белгилешинче, ачылыш аземи жогорку деңгээлде уюштурулуп, өзгөчө шоу-программа, артисттердин өнөрү, атчан оюндар жана улуттук колоритти чагылдырган жасалгалары менен эсте калды.

Блогер Кыргызстандагы жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мелдештердеги кызыктуу учурларды жана кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган көз ирмемдерди сүрөткө тартып калууга аракет кылып жатканын айтты.

«Биз стадиондо болгондо, чынын айтсам, оюндардын масштабына таң калдык. Менимче, бул Олимпиададан да мыкты, дүйнөдө өтүп жаткан башка ири иш-чаралардан да өзгөчө. Абдан кооз жана абдан масштабдуу», — деди Аскар Исказиев.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүдө. Ачылыш аземи Бишкектеги «Бишкек Аренада» өтүп, негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда уланууда. Оюндарга 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар