Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын келечеги кең жана ал мындан ары дүйнөлүк масштабдагы ири иш-чарага айланат. Бул тууралуу оюнду көрүүгө атайын АКШдан келген конок билдирди.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын келечегине толук ишенем. Бул оюндар абдан масштабдуу жана чындап глобалдуу болот деп ойлойм», — деп белгиледи оюндардын көрөрманы.
Анын айтымында, оюндардын негизги баалуулуктарын сактоо өзгөчө маанилүү. Ошол эле учурда ачылыш аземдеринде көрсөтүлгөн маданий мурас жана улуттук өзгөчөлүктөр дүйнө коомчулугунун көчмөндөр оюндарына болгон кызыгуусу артып жатканын көрсөтүүдө.
