VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эр эңиш боюнча 110 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык балбан Аскат Балшан алтын медалга ээ болду.
Финалдык беттеште ал Кытайдын атынан чыккан Турдукул Абдрахманов менен күч сынашты. Кыргыз балбаны атаандашын дароо жеңип, мелдештин чемпиону аталды
