Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда Мунай ташыган Кытай ишкерлер үчүн убактылуу визасыз режим киргизилди

Кыргызстанда Мунай ташыган Кытай ишкерлер үчүн убактылуу визасыз режим киргизилди

Кыргызстандын Министрлер кабинети Кытай жарандарына өлкөнүн мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык автомобилдик жол менен мунай ташууда убактылуу визасыз тартип киргизди.

Токтомго ылайык, визасыз режим мунай Кыргызстанга ташылып келген күндөн тартып 5 суткадан ашпаган мөөнөткө колдонулат. Талаптарды бузган айдоочуларга Кыргызстандын тышкы миграция боюнча мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.

Документ 4-сентябрдан тартып күчүнө кирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо багытында Орусия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташууда.

Өлкөдө күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшүн алдын алуу максатында АИ-92 бензинине, дизелдик отунга жана газга мамлекеттик субсидия берүү чарасы да киргизилген. Ал 30-сентябрга чейин уланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар